Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Депутаттар Бишкектин мэрлигине Суракматовду колдошту


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары баш калаанын башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдошту. 8-август күнкү шайлоодо добуш берген 44 эл өкүлүнүн 43ү "макул", бирөө "каршы" болду.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Суракматовдун программасын укпай эле добуш берүүнү чечишти. Муну Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы сунуш кылып, көпчүлүк колдоду. Алар Суракматов мурда өз пландарын бардык фракцияларга айтып бергенин буга негиз кылышты.

Шайлоо жүрүп жатканда мэриянын алдына ондогон жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдиришти. Алар баш калаанын башчылыгына шаардык кеңештеги КСДП фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындашты. Колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылышты.

Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер нааразылык иретинде шаардык кеңештеги фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү көтөрүп алышты. Буга чейин да мындай акциялар болгон.

Шаардык кеңеште беш фракция бар, алар - КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан". Депутаттардын саны - 45.

Мэрликке 47 жаштагы Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Аны Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарган эмес. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратып, "Биздин укук" коомдук уюму Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, шайлоону токтотууну суранган. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Азиз Суракматов - ишкер катары белгилүү. Бишкек шаардык кеңешинде, парламентте депутат болгон. Мэрияда жана башка мекемелерде иштеген.

XS
SM
MD
LG