Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

"Pussy Riot" тобунун мүчөсү Орусиядан чыга албай калды


Мария Алёхина ФСИНдин сыртындагы акцияда. 7-август, 2018-жыл.
Мария Алёхина ФСИНдин сыртындагы акцияда. 7-август, 2018-жыл.

"Pussy Riot" панк-тобунун мүчөсү Мария Алехина Москванын "Домодедово" аэропортунан Британияга уча албай калды.

“Паспорттук көзөмөлдө отурган кыз менин паспортумду алып, компьютерден текшерип, анан телефондон шыбырап бирөөгө чалды. Андан кийин "ФСБнын кызматкеримин" деп жаш бала келди” – деди Алёхина жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине.

Алёхина Лондонго учуп, андан ары Эдинбурга кетмек. Ал жерде "Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү фестивалга катышмак.

Бир күн мурун Алёхина Дмитрий Энтео жана башка активисттер менен кошо Москвадагы Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) имаратынын алдында акция өткөргөн. Алар имараттын сыртына “ФСИН + Гулаг” деген жазууну, орус түрмөлөрүндө кыйноого дуушар болгондордун сүрөттөрүн илип салышкан.

Өткөн айда Москванын соту Алёхинага "Telegram" каналын колдоп чыккан акциядан кийин чегерилген жазаны өтөбөй койгону үчүн айыппул салган.

XS
SM
MD
LG