Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Жамаачыланган жарандык авиация


Жамаачыланган жарандык авиация
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:05 0:00
Түз линк

Быйыл 5-августта "Авиа Траффик" компаниясынын 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн учагы 27 мүнөттөн кийин "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болду. Ага чейин 29-июлда ушул эле компаниянын Ош-Анталия багыты боюнча 89 жүргүнчү менен жол тарткан учагы бурамасы чыгып кеткенден улам жерге кайра конууга мажбур болгон.  Кыргызстандын жарандык авиация тармагы эмне үчүн өнүгө албай жатат? Эмне үчүн учуунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу талабы аткарылбайт? "Азаттык" радиосунун кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды. Талкууга Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратов, Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулукту колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Муканбек Алайчиев жана 1-класстагы учкуч, "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясынын мурдагы президенти Төлөнбек Арпачиев катышты.

XS
SM
MD
LG