Ички иштер министрлиги Интернетте тарап жаткан "Момо" аттуу оюн балдар жана өспүрүмдөр үчүн зыяндуу экенин эскертти.
Мындай билдирүүнү министрлик бүгүн таратты. Анда акыркы кезде Орто Азия өлкөлөрүндө чөнтөк телефон аркылуу "Момо" деген оюн таратылып жатканы айтылат. Буга чейин өспүрүмдөрдү жан кыюуга түрттү деген “Көк кит” аттуу оюнга окшош бул оюн балдар менен өспүрүмдөргө зыяндуу экенин милиция эскертүүдө.
Ошондуктан ИИМ ата-энелерди балдардын чөнтөк телефон колдонушун көзөмөлгө алууга чакырды. (BkA)