Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:42

Кремль Сенцовдун энесинин өтүнүчүн четке какты


Киевдеги Олег Сенцовду колдогон акциянын катышуучусу. 13-июль, 2018-жыл.
Киевдеги Олег Сенцовду колдогон акциянын катышуучусу. 13-июль, 2018-жыл.

Кремль Орусияда камакта ачкачылык кармап жаткан Олег Сенцовдун энесинин суранычын четке какты. Украиналык режиссердун энеси 13-июлда президент Владимир Путинге уулун эркиндикке чыгарууну өтүнүп кайрылган. Президенттин администрациясы шаршембиде кайтарган жообунда Сенцов өзү Путинге ушундай өтүнүч менен кайрылса гана ырайым кылуу жараяны каралары белгиленген.

Текстте Сенцов Орусиянын жараны катары белгиленген. Муну режиссер өзү да, Киев да четке кагып келатышат.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG