Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Индия 2022-жылы космоско алгачкы астронавтын учурат

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Нью-Дели. 15-август, 2018-жыл.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Нью-Дели. 15-август, 2018-жыл.

Индия 2022-жылы космоско алгачкы жолу астронавт учурат. Бул тууралуу өкмөт башчы Нарендра Моди 15-августта баш калаа Нью-Делиде өлкөсүнүн Эгемендик күнүндө элине кайрылып жатып айтты.

- Биз 2022-жылы же андан мурда эле Индиянын уулун же кызын колуна өлкөнүн туусун көтөртүп космоско учурабыз, - деди ал. 

Премьер-министр индиялык окумуштуулар буга чейин космоско 100дөн ашуун жандооч учурушканын эске салды. Буга чейин космоско өз астронавттарын Орусия, Кытай жана АКШ учуруп келгени белгилүү. Индия өзүнүн космос программасын 1947-жылдан бери өнүктүрүп келет. 

XS
SM
MD
LG