Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

АКШ: 25 жылга кесилген өзбек жаранына дагы жаза кошулду


Фазлиддин Курбанов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Фазлиддин Курбанов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

АКШда террорчулукка айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган өзбекстандык качкын Фазлиддин Курбанов түрмөдөгү күзөтчүгө кол салганы үчүн дагы 20 жылга кесилди. Лос-Анжелестин соту ага өкүмүн 14-августта угузду. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Курбанов 2016-жылдын майында Калифорниянын Викторвилл шаарындагы федералдык түрмө кызматкерин мууздап салууга аракеттенген. Лос-Анжелестин прокуратурасынын материалдарында “Курбанов сотто тилмеч аркылуу сүйлөгөндө жасаганына өкүнбөй турганын, ал кол салган киши өлүшү керек болчу" – деп айтканы белгиленген. Курбанов Кошмо Штаттарды "өтө жек көрөрүн" билдирген.

Курбановго мартта “АКШнын офицерин өлтүрүүгө аракеттенген” деген айып тагылган. Ал түрмө кызматкери Калвин Жонсонду катуу жарадар кылган. Түрмө кызматкерлеринин кошууну 2016-жылы Курбановдун бычагынан күзөтчүлөрдүн башчысы жана тергөөчү дагы жабыркаганын билдирген.

Курбановго чегерилген 20 жылдык жаза анын мурунку 25 жылдык мөөнөтү бүткөндөн кийин башталат.

XS
SM
MD
LG