Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Рахмонду кемсинткен мигрант беш жарым жылга соттолду


Умар Муродов. ("Одноклассники" сайтындагы баракчасынан алынган сүрөт)
Умар Муродов. ("Одноклассники" сайтындагы баракчасынан алынган сүрөт)

Тажикстандын Муминабад районунун 30 жаштагы тургуну Умар Муродов президентти кемсинткени үчүн жана интернет аркылуу мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга үндөгөн чакырыктары үчүн 5,5 жылга эркинен ажыратылды. 1-августта чыгарылган соттун өкүмү бейшембиде күчүнө киргенин Хатлон облустун сотунан кабарлашканын "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жазды.

Укук коргоо органдарындагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал "Орусияда, эмгек миграциясында жүрүп «Одноклассники» социалдык түйүнүндөгү баракчасында мамлекет башчысын кемсинткен. Мигрант мекенине 12-июнда келгенде камакка алынган.

Муродов өзү быйыл май айында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматына өзүн күнөөсүз деп санагандыктан мекенине келерин, жергиликтүү бийлик аны камакка албоого убада бергенин билдирген.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери" деген макам 2015-жылы берилген.

Ал эми Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги атайын беренеге ылайык, улут лидеринин ар-намысына, беделине шек келтиргендер беш жылга чейин түрмөгө түшүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG