Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

Рахмонду кемсинткен мигрант соттолмок болду


Умар Муродов.
Умар Муродов.

Тажик мигранты "Улуттун лидери наамы бар өлкөнүн президентин социалдык түйүндөрдө кемсинткен" деп айыпталып жатат. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү турат. Муминабад районунун тургуну өткөн айда Москвадан мекенине учуп келгенде аэропорттон кармалган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстанда Муминабад районунун жашоочусу Умар Муродовго козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктады. Укук коргоо органдарындагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал "Орусияда, эмгек миграциясында жүрүп «Одноклассники» социалдык түйүнүндөгү баракчасында Тажикстандагы мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга үндөгөн чакырыктары бар видео тасмаларды жарыялап, ал эми комментарийлеринде мамлекет башчысын кемсинткен" деп айыпталууда.

Мигрант мекенине Москва-Куляб рейси менен 12-июнда келгенде камакка алынган. Айыпталуучунун атасы Мурод Давлатов ал билимсиздигинен улам кимдир-бирөөлөргө алданып калышы мүмкүн деп эсептейт:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Ал өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдеш үчүн өз эрки менен Тажикстанга келди. Балким кайсы бир денгээлде күнөөсу бардыр, анысын так айта албайм. Балам 9-класска чейин гана билим алган жана ал эмне деп жазып жатканын, маанисин толук түшүнбөйт, саясат тууралуу да такыр түшүнүгү жок болчу. Карагылачы, баарын камап, азыр түрмөлөр жаштарга толуп кетти. Ал Орусияда оор шартта иштеп жүрүп, тажаганынан жана кыйналганынан ар кыл комментарийлерди жазып коюшу мүмкүн. Ошол үчүн эле камап коюу туура эмес деп ойлойм. Балким ал билимсиздигинен улам кимдир-бирөөлөргө алданып калдыбы? – деди Мурод Давлатов.

Умар Муродовдун жакындарынын айтымында, ал тажик бийлигинин өтүнүчү менен быйыл мартта Москвада кармалган. Бирок далил жетишпегенине байланыштуу кайра бошотулган.

Муродов өзү быйыл май айында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматына өзүн күнөөсүз деп санагандыктан мекенине келерин, жергиликтүү бийлик аны камакка албоого убада бергенин билдирген эле.

Куляб аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкердин айтымында, Муродовго укук коргоо органдары мекенине келип, өзүн сотто күнөөсүз экендигин далилдөөгө чакырышкан. Кылмыш иши дээрлик тергелип бүтүп, жакынкы күндөрү соттук кароого жиберилет.

2016-жылдын күз айларында тажик парламенти өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды колдоп берген. Ага ылайык КЖКнин 137-беренесине ылайык “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидерин кемсинткендер жана каралагандар” кылмыш жоопкерчилигине тартылышы белгиленген. Ушул эле талап массалык маалымат каражаттарына, Интернет басылмаларына жана социалдык түйүндөргө да коюлган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери" деген макам 2015-жылы берилген. Бул макам ага кол тийбестик кепилдигин берет жана ал анын үй-бүлөсүнө да тиешелүү.

Ал эми Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги атайын беренеге ылайык, Улут лидеринин ар-намысына, беделине шек келтиргендер беш жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Тажик бийлиги былтыр укук коргоо органдарына өлкө жарандары кайсы сайттарга жана социалдык түйүндөргө кирип жатканын көзөмөлдөп туруу укугун берген. Анткени коңшу өлкөнүн парламенти «Ыкчам издөө иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизген. Учурда Интернет колдонгон тажикстандыктарды Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгына караштуу киберкылмыштар бөлүмү жана Ички иштер министрлигинин кылмыш издөө бөлүмү чогуу көзөмөлгө алат. Алардын максаты - электрондук почта, социалдык түйүндөр аркылуу террористтик топтор менен байланышып жаткан адамдарды аныктоо. Мыйзамдагы жыңы өзгөртүүгө ылайык Интернеттеги терроисттик топтордун макалаларына же видеолоруна "Like" и “Класс” баскандар да аларды колдоо катары саналат жана жоопкерчиликке тартылат. Тажик бийлиги «Одноклассники» жана «Facebook» социалдык түйүндөрүн «экстремисттик идеяларды таратуучу түйүн" деп айыптап келет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда болсо социалдык тармактарды, Интернеттеги сайттарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзамды жыл башында Юстиция министрлиги сунуш кылып, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары колдоп беришкен. Ал эми айрым депутаттар соцтармактарда колдонуучунун маалыматы жалган деп табылганда авторду төгүндөмө берүүгө милдеттендирген норманы Жарандык кодекске киргизүүнү сунуш кылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG