Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Армениянын экс-президенти Серж Саргсян суракка чакырылды


Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян. Варшава. 9-июль, 2016-жыл.
Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян. Варшава. 9-июль, 2016-жыл.

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян 2008-жылкы нааразылык акциялары боюнча суракка чакырылат. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматы 16-августта билдирди.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анын натыйжасында кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адамдар жабыркаган.

Мамлекетти 1998-2008-жылдары башкарган Роберт Кочарян 2008-2018 -жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. Камалаардын алдында Роберт Кочарян ага коюлган айыпты өлкөнүн азыркы бийлигинин “саясий куугунтугу” деп баалаган. Июль айынын соңунда сот Армениянын экинчи президенти Роберт Кочарянды эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Кийинчерээк саясатчы үй камагына чыгарылган.

Андагы митингтерди уюштуруучулардын бири азыркы-премьер министр Никол Пашинян болгон. 2010-жылы ал башаламандык уюштурганы үчүн айыпталып, жети жылга кесилген. 2011-жылы Пашинян эркиндикке мунапыс менен чыгарылган.

XS
SM
MD
LG