Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок атылды


Анкарадагы АКШнын элчилигинин кире бериши. 20-август, 2018-жыл.
Анкарадагы АКШнын элчилигинин кире бериши. 20-август, 2018-жыл.

Дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын Анкарадагы элчилигине ок атылды. Түрк маалымат каражаттары жазгандай, жакынкы жолдон өтүп бараткан автоунаадагылар элчиликтин имаратын көздөй баш-аягы төрт-беш жолу ок атышкан. Бир нече ок кароолчулар отурган күркөгө тийген. Элчилик бул окуядан эч ким жабыркабаганын, полиция болсо автоунааны издеп жатканын билдирди.

Курман айтка байланыштуу Кошмо Штаттардын Анкарадагы элчилиги бул аптада жабык болот. Бул окуя Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансондун маселесинен улам Анкара менен Вашингтондун алакасы солгундап, эки өлкө бири-бирине экономикалык чара көрүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG