Ооган бийлиги өкмөттүк күчтөр Кундуз провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочулары барымтага алган 149 кишини бошотконун билдирди.
Дүйшөмбүдө эртең менен “Талибан” кыймылы автобуста Кабулга бараткан 100дөн ашуун кишини, анын ичинде аялдар менен балдарды барымтага алган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Насрат Рахими куткаруу операциясы учурунда жети талиб өлтүрүлгөнүн, бирок алардын колунда дагы 21 кишини калганын кошумчалады. Барымтадагылардын кайда экени белгисиз.
Кундуз провинциясынын басма сөз катчысы Эсматулла Муради дагы 149 киши, анын ичинде балдар менен аялдар бошотулганын бышыктады.
Тахар провинциясынын полиция башчысы Абдул Рахман Акташ колго түшкөндөр Кабул шаарына бараткан Бадахшан жана Тахар провинцияларынын тургундары экенин билдирген.
18-августта “Талибан” кыймылынын лидери молдо Хайбатулла Ахунзада билдирүү таратып, кыймыл ооган бийлиги менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын айтып, Кабулдагы өкмөттү “куурчак” деп атаган.