Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Чеченстанда төрт жерде полицияга кол салуу болду


Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров

Дүйшөмбүдө Чеченстанда дээрлик бир маалда полицияга бир нече куралдуу кол салуу болду. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу кол салууларды уюштурганын өзүнүн "Амак" сайты аркылуу кабарлады. Бирок аны далилдей алчу эч кандай кошумча маалымат бере алган жок.

Жумурияттын лидери Рамзан Кадыров кол салууларды "Курман айт майрамында бүлүк салуу" катары баалады.

"Мунун башкы максаты - Чеченстанда куралдуу аракеттерди ишке ашырып, террордук чабуулдарды уюштура алчу күчтөр бар экенин көргөзүү үчүн жалган ишеним жаратуу" деди Чечен жумуриятынын лидери.

"РИА Новости" агенттиги Грозныйда атышуудан полиция кызматкери өлгөнүн кабарлады. Канча киши кол салууга аралашканы, кимдир бирөө кармалганы тууралуу маалымат айтыла элек.

Грозныйда жол коопсуздугун караган полициянын бекетинде бир полиция кызматкерин машине сүзүп кетип жарадар болду. Машинеси менен качырып кирген айдоочуга ок атылды.

Шали районунун полиция бөлүмүнө бычак көтөргөн эки киши кирип барып, эки кызматкерди жарадар кылды. Капыстан кол салгандар атып өлтүрүлдү.

Мескер-Юрт кыштагында белгисиз бирөө полициянын бекетинин жанында өзүн жардырып жиберди. Жанкечтиден башка эч ким жабыркаган жок.

Соңку маалыматка ылайык, төрт жерде болгон кол салууда бир полиция кызматкери набыт болуп, үчөө жараат алды. Кол салгандардын кеминде төртөө жок кылынды.

XS
SM
MD
LG