Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Азиада-2018: Бүгүн Акжол Махмудов күрөшөт


Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. Бишкек, 28-февраль, 2018-жыл.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. Бишкек, 28-февраль, 2018-жыл.

Индонезияда өтүп жаткан XVIII жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн 22-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланат. Алгачкылардан болуп 77 кг салмактагы кыргызстандык Акжол Махмудов килемге чыгат. Финалдын 1/8 бөлүгүндөгү анын атаандашы болуп кореялык Ким Хён У тандалды.

Кореялык балбан - Олимп оюндарынын алтын (2012-ж.) жана коло (2016-ж.) байгесинин ээси. Азиянын төрт жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону. Анткен менен Акжол Махмудов Азия оюндарына учурдагы Азиянын чемпиону катары келди. 19-жаштагы Махмудов биринчи жолу Азия оюндарына катышууда. Быйыл жазында ал Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль алган. Ал ага чейин уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж) болгон. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган.

Ошондой эле бүгүн 87 кг салмакта Самат Шырдаков, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана 130 кг салмакта Мурат Рамонов Кыргызстандын намысын коргошот. Күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 12де башталат.

Азия оюндарынын үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан үч күмүш жана үч коло менен 18-орунда келе жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG