Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

АКШ Бостондогу кылмышты жашырган казакстандыкты мекенине кайтарат


Диас Кадырбаевдин Бостондогу сот залынан тартылган сүрөтү.
Диас Кадырбаевдин Бостондогу сот залынан тартылган сүрөтү.

Кошмо Штаттардын Бостон шаарында беш жыл мурдагы жардырууга байланыштуу камалган казакстандык Диас Кадырбаев мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын өкүлү 30-августта Кадырбаев мекени Казакстанга депортациялана турганын билдирди.

Диас Кадырбаев "Бостондогу жардырууну иликтөөгө тоскоолдук кылды" деген айып менен 2015-жылы алты жылга кесилген. Ал "кандуу терактты уюштурду" деп айыпталган ага-ини Царнаевдердин жатаканадагы бөлмөсүнөн жардыруучу заттар салынган асынма баштыкты алып чыгып, далилдерди жок кылганын моюнга алып, тергөө менен кызматташууга барган. Кылмышты жашырууга көмөктөшкөн дагы бир казакстандык Азамат Тажаяков 3,5 жылга кесилген. Ал 2016-жылы чыгып мекенине кайткан.

2013-жылы 15-апрелинде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260дай адам жарадар болгон. Жохар Царнаев бир нече күндөн кийин колго түшкөн, ал эми анын агасы полиция менен атышуу маалында окко учкан. 2015-жылы Жохар Царнаев өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG