Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Саматов: казакстандык көк бөрүчүлөр таймашка чыгат


Казакстандын көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймаштарга чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов “Азаттыкка” кабарлады.

- Казак тарап биздин эреже менен өткөргүлө деген пикир келишпестиктер болгон. Бирок азыр баарын сүйлөшүп, чечиштик. Эртең, 5-сентябрда оюнга чыгышат.

Буга чейин Казакстандын көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймашка катышпай турганы айтылган. Казактар 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашат.

Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG