Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда бул аракет тараптар кол койгон меморандумга ылайык ишке ашырыла турганын билдирди. Маалыматка караганда, “Маарифтин” мектеп, билим борборлору Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык иштейт.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда 12 документке кол коюлган. Арасында “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум бар.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек буга каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.
Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.
Ал маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин айткан.