Москва: Тапанчада Муратовдун бармак изи болгон эмес
Москвадагы соттук медэксперттер алдын ала Муратов полициячыга ок атпашы ыктымал деген тыянакка келгенин Рен ТВ кабарлады. Бирок ошол эле бүтүмдө Муратов баары бир күнөөлүү экени айтылат. Сириядагы миллиондогон эл жашаган Идлибге чабуул коюлат деген кабар Улуттар Уюмун тынчсыздандырууда. Коопсуздук Кеңеши маселени талкууламай болду. Казакстандагы айрым мектептерде кыздар сабакка кириш үчүн оронгон жоолугун чечүүгө аргасыз болушту.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2026Бишкек соту Имамидин Ташовду сегиз жылга кести
-
Июль 15, 2026“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
-
Июль 13, 2026Абактагы Алга Кылычевдин абалы кандай?
-
Июль 10, 2026Казак полициясы чек арада машинелерди текшерет