Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Жогорку Кеңеш жалпы жыйындарын 12-сентябрда баштайт


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул күндөрү фракцияларда жана тармактык комитеттерде иштеп жатышат. Парламенттин басма сөз кызматы эл өкүлдөрүнүн алгачкы жыйындан кийин тез эле тарап кетип, адатта жалпы сессия өтө турган күндөрү чогулбай жатканын ушинтип түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу «Азаттыкка» билдиргенине караганда, регламентке ылайык жалпы жыйында карала турган маселелердин күн тартиби адегенде фракцияларда, андан кийин комитеттерде каралууга тийиш.

Жалпы жыйын 12-сентябрга белгиленди.

Жайкы эс алуудан кийинки алгачкы сессиясынын ачылыш салтанатын Жогорку Кеңеш 4-сентябрда өткөргөн.

Кыргыз парламенти 120 орундан турат. Учурда анын курамында алты фракция бар. (RK)

XS
SM
MD
LG