Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Киев тынчтык саммитине даярдык көрүүдө, Бишкек ага катышпайт


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Нацизм курмандыктарын эскерүү иш-чарасында эки жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келаткан Украина Европага нацизм коркунучу кайрадан кайта баштаганын айтты. АКШ Киевдин НАТОго мүчөлүгүн колдобой турганын, бирок Украинага колдоосу токтобосун билдирди. "Тынчтык формуласы" тартуулана турган саммит даярдалууда

ТАРЫХЫЙ БУРУЛУШ КУРМАНДЫКТАРЫН ЭСКЕРҮҮ

"Бир кезде келип конгон жерге кайра кайрылып келип отурганыма абдан толкунданып жатам. Бул жердин өзү канча деген эмоцияларды жаратат. Көрүстөндөр... Көрүстөндөрдү көргөндө жымжырттык менен сүйлөшкөндөй болом...".

Британиялык ардагер Жек Мортимер быйыл 100 жашта. Туура 80 жыл мурда ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалында 20 жаштагы аскер кызматкери эле.

Британиялык, америкалык жана канадалык союздаш аскерлер Нормандияга барып жайгашкан учурда ал да ошолордун катарында болгон.

Бүгүн минтип ондогон өлкөлөрдүн, нацисттик Германияны жеңген ири державалардын өкүлдөрү, лидерлери менен бирге ошол ири салгылашууда курман болгондорду, жеке өз башынан өткөргөн окуяларды эскерүүдө.

Мортимерден тышкары башка да ардагерлер Франция 6-июнда уюштурган бул эскерүү иш-чарасынын ардактуу коногу болушту. Алар тынчтыктын, ачык асмандын баасы, баркы канчалык экенин эң жакшы түшүнүп турушканын, бирок бир кезде жеңдик деген агрессия, согуш кайрадан жалпы дүйнөнү түйшөлткөн көйгөйгө айланганына өкүнөрүн айтып жатышты.

Бул жолку эскерүү иш-чарасынын көңүл чордонунда Орусиянын жапырт агрессиясына кабылып, эки жылдан бери алышып келе жаткан Украина маселеси болду.

Ардагерлердин бири делегация башчылары менен учурашып жатып украин президенти Владимир Зеленскийдин колун бекем кысып, таазим эткен түз эфирдеги видео көптөгөн көрүүчүлөрдү таасирлентти.

Зеленский өзү 80 жыл мурдагы тарыхый окуя "эркиндик жана демократия үчүн күрөштөгү эрдиктин жана чечкиндүүлүктүн" үлгүсү болгонун айтты.

Ошону менен катар 7-июнда Парижде Франция парламентинин алдында сүйлөп жатып ал Европа тынчтыкта жашаган континет болбой калганын, нацизм коркунучу кайрадан реалдуулукка айланып жатканын кошумчалады.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери дүйнөдө демократия болуп көрбөгөндөй коркунучка кептелип турганын Парижде АКШ президенти Жо Байден да белгиледи.

Орусия Экинчи дүйнөлүк согуш маалында союздаш аскерлер Нормандияга жайгашкан окуянын 80 жылдыгына карата мемориалдык иш-чарага чакырылган жок. Мындай чечим орус бийлигинин Украинага көрсөтүп жаткан агрессиясына байланыштуу кабыл алынганын расмий Париж билдирген.

"Орусия чакырылган жок. 2022-жылы агрессиялык согуш ачып, соңку апталарда чабуулдарын күчөтүп жатканын эске алганда анын катышуусуна эч кандай негиз жок", - деп билдирген француз өкмөтү.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия "атайын аскердик операцияны" ишке ашырып жатканын айтып келет.

1944-жылы 6-июнда АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Австралиянын жана Канаданын, жалпысынан 14 өлкөнүн 150 миңден ашуун аскери деңиз жана аба жолу менен Франциянын Нормандия аймагына барып жайгашкан. Бул операция акыры Батыш Европаны фашисттик Германиянын оккупациясынан бошотууга шарт түзгөн, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Европада Батыш фронтун ачкан жана согуштагы бурулушка алып келген эң ири аскердик өнөктүк болгон.

Бул күн D-Day деген аталыш менен белгилүү. “Немис толкуну” радиосунун эсептөөсүндө, согуш тарыхындагы "Нептун" деп аталган ири операция дээрлик 66 миң жоокердин өмүрүн алган.

УКРАИНА, АКШ ЖАНА НАТО

АКШ жана Украина кызматташтыгы 7-февралда Парижде Байден менен Зеленскийдин жолугушуусунда да талкууланды.

"Америка добушу" радиосу өз булактарына таянып жазгандай, анда АКШ Украинага дагы 225 миллион долларга аскердик жардам жөнөткөнү жатканы айтылды. HIMARS артиллериялык ракеталык комплекстерине ок-дарыдан, миномет системаларынан жана артиллериялык снаряддын түрлөрүнөн турган жардамды Украина Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдоно алары маалымдалды.

Парижде Байдендин Зеленский менен жолугушуусунда Украинанын НАТОго мүчөлүгү ырасталбаса да, Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүнө колдоо көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары талкууланарын Ак үй бир нече күн мурда билдирген.

Бул быйыл 20-апрелде АКШ Украинага 61 миллиард долларлык жардам тууралуу чечим кабыл алгандан бери эки президенттин алгачкы жолугушуусу болуп калды.

4-июнда Байдендин Time басылмасына жарыяланган интервьюсунда ал Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдобой турганын айткан.

АКШ президенти Киев үчүн тынчтыктын кепилдиги Орусия Украинага мындан ары эч качан кол салбай тургандыгы экенин, бул үчүн Украинанын НАТОго мүчө болушу талап кылынбасын билдирген.

Байден Батыш Украинанын утулуп калышына жол бербөө зарылдыгын, эгер Киев утулса, Орусия жана Беларус менен чектеш бардык өлкөлөрдө туруксуздук жараларын кошумчалаган.

Бул жолу Нормандиядагы эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып ал Орусияны "үстөмдүгүн орноткусу келген тиран" деп атады жана көптөгөн жоготууга дуушар болсо да баш ийбей, күрөшүп келаткан украиналыктардын эрдигин жогору баалады.

Аларга жардамын уланта берерин билдирген Жо Байден “Биз Украинадан кетпейбиз” деп айтты:

"Кошмо Штаттар, НАТО жана 50 өлкөдөн ашуун коалиция Украинаны колдойт, биз кетпейбиз... Анткени эгер биз кетсек, бул токтобойт, Украинанын коңшулары коркунучта болот, бүт Европа коркунучта болот".

Согуштун алгачкы бир жылында Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.

Апрель айынын башында The New York Times басылмасы Украинанын НАТОго мүчө болуп кабыл алынышына АКШ жана Германия каршы болуп жатканын, себеби алар 1945-жылдан берки эң ири согушка тартылуудан кооптонорун өз булактарына таянып жазган. Украинанын бул альянска кошулуу өтүнүчүн биринчи кезекте Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү колдоп жатат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өздөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан.

Орусия президенти Владимир Путин эгер Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урула турган болсо, Москва жооп катары Батыш өлкөлөрүнүн каршылаштарына алыс аралыкка атуучу курал жөнөтө башташы мүмкүн экенин билдирди.

Чет элдик маалымат агенттиктерине курган маегинде ал жогорку тактыктагы ракеталарынын соккусун Батыштын аскерлери башкарарын белгиледи:

"Эгерде кимдир бирөө биздин аймакка сокку уруу үчүн курал берүү мүмкүн деп эсептесе жана бизге кыйынчылык жарата турган болсо, анда эмне үчүн биз ошол эле класстагы куралыбызды Орусияга сокку ургусу келген өлкөлөрдүн өз объектилерине сокку урулушу ыктымал аймактарга жөнөтө албашыбыз керек?", - деди Путин.

Орусиянын зомбулугуна кабылган Украина евроинтеграция жараяны алкагында НАТО менен катар Европа Биримдигине да мүчө болуу аракетин шашылыш түрдө баштаган.

Еврокомиссиянын өкүлү Ана Пизонеро 7-июнда билдиргендей, Украинаны жана Молдованы кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу Евробиримдик Кеңешине берилди.

"Биз мүчө өлкөлөргө жаңыртылган маалымат бердик. Украина да, Молдова да бардык шарттарды аткара алышты деп эсептейбиз. Эмки чечим мүчө өлкөлөрдүн колунда", – деди Пизонеро.

Украинанын алдына коюлган шарттар коррупцияга каршы реформа жүргүзүү, саясий лоббини чектөө, мамлекеттик кызматкерлердин активдери боюнча маалыматтын ачыктыгын камсыздоо жана аз улуттардын тилин коргоо тууралуу болгон.

УКРАИНА ҮМҮТ АРТКАН ТЫНЧТЫК САММИТИ

Швейцарияда ушул айдын ортосунда Украина сунуш кылган Тынчтык саммити өткөнү жатат. Кошмо Штаттардын президенти шайлоо өнөктүгүнөн улам ага катыша албай турганын билдирген.

Бул өлкөдөн саммитке вице-президент Камала Харрис бармай болууда.

Саммитте Киев сунуштаган “тынчтык формуласы” жана башка маселелер талкууланат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакырылган. Алардын ичинде “Чоң Жетиге” кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакырылган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан.

“Азаттыктын” журналистинин аймактагы беш мамлекет менен Украинанын мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

"Силердин лидерлерде баланс жоктой. Менимче, алар Кремлден корккону үчүн орустар тарапка ыктап турат. Түшүндүрө кетейин... Бул жеке пикирим деп үмүттөнөм. Кимдир бирөөгө доомат артпайм. Маселен, биз тынчтык саммитин уюштуруп жатабыз. Биз алгачкы кадамдарды жасоодобуз. Алар там-туң баскан баланыкындай. Ишенимсиз, бирок колдоого муктаж. Алар согушту көздөбөйт. Алар алдыга, тынчтыкка гана умтулат. Мына, силерге мисал. Биз бардык лидерлерди чакырып жатабыз, баарын. Алардын кызыкчылыгы ар кандай, санкция киргизгендери бар, киргизбегендери бар. Борбор Азия лидерлерин да чакырдык. Биз аларды бул саммитте көргүбүз келет. Бул жерде эмнеден коркушат? Ал жерде Путиндин жок болушу гана коркунуч жаратат. Эмне, алар келип койсо, Путин Борбор Азиянын бир мамлекетине танктары менен жөнөйбү? Жок, бул аздык кылат. Алар Кремль менен азыркы алакасын жоготуп алуудан коркот. Бул согуштун аякташына жардам бербейт. Кудай сактасын, элестетип көрсөңөр, биздин абалда болсоңор, колдоо көрсөтпөгөн, кошулбаган өлкөлөргө кандай карайт элеңер? Өкмөттөр санкция киргизет, бирок саммитте тынчтык тууралуу, диалог тууралуу сөз болот. Кайсы бир агрессорго каршы согушта жалгыз экениңерди элестетип көрсөңөр. Менимче, бул алсыздык. Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз болуп, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем", - деди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстан Украинанын демилгеси менен Швейцарияда уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпай турганын айтты.

Ал расмий Бишкек “эки өлкө ортосундагы бул кырдаалды токтотууга” жан үрөй турганын жана Батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө Кыргызстан Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин кошумчалады.

“Украина менен көп убакыттан бери эле тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын президенти башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей эле мамиле кыларыбызды айткан. Эки өлкө тең бизге жакын жана Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина бизди түшүнөт жана биз анын (ред.: Тынчтык саммитине катышпоонун) себептерин негиздеп бердик”, - деди Байсалов.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Киев уюштурган саммитке катышар-катышпасын чече электигин билдирди. Аймактагы башка өлкөлөр өз позициясын билдире элек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий Бишкек Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда нейтралдуу позицияны карманарын билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев согуштун өзүн комментарийлебегени менен, Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан. Өзбекстан да Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде Украинанын бүтүндүгүн колдоп, Донбасстагы түзүмдөрдү тааныбастыгын билдирген.

Кытай да саммитке катышпай турганын билдирген. Бул өлкөнүн тышкы саясий мекемеси Украина менен катар Орусияны да чакыруу керек деп эсептерин, бирок мындай шарты аткарылбай турганын белгилеген.

Украин президенти Владимир Зеленский жыйынга Байденди да, Кытай лидери Си Цзинпинди да чакырып: “Өтүнүч, соккулар ортосундагы тыныгууну эмес, тынчтыкты, чыныгы тынчтыкты орнотуудагы лидерликти көрсөтүңүздөр", - деп айткан.

Орусияны кийинки этапта ортомчулар аркылуу катыштыруу пландалып жатканы маалымдалган. Орус бийлиги чакыруу болсо да барбасын, аскерлерин Украинадан чыгарууну талкуулабай турганын айткан.

Зеленский Украина өз көз каранды эместиги үчүн оор күрөштөн өтүп жатканын кошумчалап, өлкөсү "баары бир жеңерин" ишенимдүү айтууда.

Ал тапта Украинада Орусиянын тынымсыз ракета жана бомба чабуулдарынан каза болгон жай тургундар өткөн айда кескин көбөйгөнүн 7-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы билдирди.

Май айында бул көрсөткүч соңку бир жыл ичинде эң жогорку деңгээлге чыгып, апрель айына салыштырганды 31% көбөйдү жана мерт болгондор 174 адамды түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG