Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

"Киношок-2018": кыргыз тасмалары бир нече сыйлык алды


"Мунабия" фильминен үзүндү.
"Мунабия" фильминен үзүндү.

Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында кыргызстандык киночулардын төрт тасмасы сыйлык алды. Кинематография департаменти кабарлагандай, баш байге жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгы Таалайбек Кулмендиевдин "Мунабия" фильмине ыйгарылды.

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасына эң мыкты операторлук иш жана мыкты музыка номинациясындагы байгелер берилди.

Кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды.

Даректүү фильмдер боюнча атайын дипломго Токтобек Үсөновдун "Аялга татыксыз түйшүк" тасмасы ылайык деп табылды.

1992-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан "Киношок-2018" фестивалы быйыл 2-9-сентябрда өттү.

Фестивалга КМШ мамлекеттеринен, Балтика өлкөрүнөн тасмалар сунушталат. Быйыл 60тан ашуун фильм катышты.

XS
SM
MD
LG