Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Бакиров: Шадиевдин мандатын кароо күн тартибине киргизиле элек


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мандатына байланышкан маселе азырынча парламенттин күн тартибине киргизиле элек. Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Шадиевдин канча күн жумушка келбегенин Жогорку Кеңештин аппараты эсептеп чыгып, депутаттарга сунуштоосу керек:

- Шадиевдин маселесин кароо азырынча күн тартибинде жок. Анын канча күн келбегенин аппарат аныктап бериши керек. Депутаттар аны карабайт. Азырынча андай сунуш келе элек. Негизи бир сессиялык мөөнөттө 30 күн келбесе мандат алуу тууралуу норма бар.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" депутаттардын мандатын алуу маселеси Жогорку Кеңештен сунуштама келгенден кийин карала турганын билдирген.

Шадиев мүчө болгон "Бир Бол" фракциясы да маселени азырынча карай электиги белгилүү болду.

Аскарбек Шадиев быйыл апрелде өлкөдөн чыгып кеткен. Жакындары анын дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле келе элек. Ага карата жалпы үч кылмыш иши козголгон.

Биринчисинде, Башкы прокуратура быйыл 28-апрелде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгогон.

УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган.

2-июлда Башкы прокуратура Шадиевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси ("Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу") боюнча иш козголгонун жарыялаган.

25-июнда ага карата 346-берене менен ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") кылмыш иши ачылган.

Мыйзамга ылайык, парламент депутаты бир сессия ичинде 30 жумушчу күнүн себепсиз калтырса, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулууга тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG