Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Аракеч атама жүрөгүм муздады


please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк

Атасы аракеч студент үй-бүлөдөгү энелерге, балдарга болгон зомбулукту айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал аракеч адамдарды ичимдигин таштап, балдарга көңүл бурууга чакырат. 21 жаштагы Айжамал энесинин укугун коргойм деп, ушул тапта юридикалык факультетте окуп жатат.

Айжамалдын атасы ал бала кезинен эле ичимдик ичип, үйдө чыр чыгарчу экен. Атасы апасына кол көтөргөнүн биринчи жолу көргөндө ал болгону беш жашта болгон. Ый, ызы-чууга толгон ал түн, андан кийинки арак менен коштолгон балалыгы Айжамалдын алиге чейин эсинде:

Катуу уйкуда уктап жаткан кезимде, апамды атам сабап жаткан экен. Ошол кыйкырыктан ойгонуп, атамдын ичип келгенин балалык сезим менен ошондо биринчи жолу сездим.Андан кийин андай кыйкырык, ызы-чуулар көп болду. Далай жолу апам бизди жетелеп, сабак болсун деп кетип калчубуз. "Болду ичпейм" десе кайра келебиз. Атам эзип, кишини уктатпай , үйдөгү нерселерди сындырганга аябай кыйын болчу. Жолдо келатсаң ал көчөдө жүрсө, курбуларымдын көзүнчө жерге кирип кетким келчү.

Ошентип Айжамалдын энеси аракеч, чоң муштум күйөөсү менен ажырашуу аракетин жасап, бирок, чечим чыгара алган эмес экен:

Апам кеткен жок, апам айтты: силер кийин турмушка чыкканда апасы атасын таштап кеткен экен деп сөз кылышат. Элге уят болобуз. Андан көрө жаман болсо да атаңар деп жашап келди.Ошол бойдон кеткен жок.


Айжамал төрт бир туугандын кенжеси. Улуу эжелери үй-бүлө курушкан. Жалал-Абаддагы ата-энеси менен байкеси турат. Айжамал алтымыш жашка келсе деле атасы ичкенин токтото элегин көзүнө жаш алып айтып жатты:

Намсытанасың кадимкидей. Байкем эркек башы менен жашы 25ке чыксада кадимкидей ыйлайт , досторумдан уялам деп. Ал окуусун аяктап, чакан ишкерлик менен алек . Эжелерим деле жакшы жумушта иштейт. Баарыбыз аракет кылабыз. Жакында эле айылга барып келдим. Апам айткан эмес экен. Бир жылдан бери ичип келип, эзип, түнү уйку бербегенинен байкем чыдабай атама кол көтөрүп баштаптыр. Ушул нерсе жаныма батып кетти. Байкемдин келечеги кандай болот? Ал дагы балдарын кийин урбайбы? Атама ыйлап дагы, таарынып дагы айттым. Барибир болбойт экен.

Айжамал бир туугандары, апасы менен атасынын ичкиликти таштатам деп алып барбаган жери, бейтапканасы калган эмес. Эл оозунда айтылып жүргөн "кодированиеден" да майнап чыккан эмес. Дарыгерлердин айтымында, аракечтикти оору деп кабыл алмайынча айыгуу кыйынга турат. Бирок көптөрү бөтөлкөнүн түбүнө эбак эле түшүп калганын моюнга албайт.

Ичкилик деген кесепетти башынан өткөрүп, учурда “Ыйык Рух” коомдук бирикмесинин жетекчиси – Мусалы Иманалиевдин айтымында аракеч адам үй-бүлөсүнө, өзгөчө балдарына кылып жаткан зомбулукту түшүнбөйт. Ал өзүнүн каалоосу менен гана бул дарттан айыга алат:

Ичкен адамдын жакындарына аябай эле кыйын.Алар ит көрбөгөн азапты көрөт. Өзгөчө аракеч атасы менен жашаган кыз кишиге кыйын. Ыйлайт, уялат. Бирок, аны ичкен адам тушүнбөйт. Мен ошол нерсени түшүнгөндө гана таштагам. Ал жон териси менен сезгенде гана айыгам деп аракет кылат. Мисалы, жакындары, аялы же балдары борборго алып келген кишилер айыгышпайт. Алар аракет дагы кылышпайт.

Биздин каарман Айжамал "Азаттык" аркылуу ичкен адамдарга кайрылды. Ал аракеч адамдарды адегенде балдарын ойлоп, аларды аяганга чакырды:

Ичкен кишилерди арагыңарга токтотуп, балдарыңардын келечегин ойлогула дейт элем. Келечекте балдарыңар силерге кандай мамиле кылат, бир аздан кийин эле карыйсыңар ошондо сага балаң: "сен мага эмне кылдың " деп тирсилдеп турса жакшыбы? Жакшы нерселердин баарын апама каалап, атам калаайбайт экенмин. Эмнеге деп ойлосом, көрсө атам жүрөктүн үшүн алып койгон экен да.


Кыргызстанда ичкиликке берилип, каттоодо тургандардын жалпы саны
33560тан ашуун.
XS
SM
MD
LG