Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

"Ата Мекен" Улуттук тарых музейиндеги коррупция тууралуу маалымат угуп жатат


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында Бишкектеги Улуттук тарых музейинин курулушундагы коррупциялык иштер тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Анда музейдин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор таштардын жоголгону боюнча маселе көтөрүлдү.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бул боюнча кылмыш иши козголуп, аны тергөө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин айтты.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожонов кылмыш иши факты боюнча козголгонун айтып, жалпы 14 027 чарчы метр гранит 4 миң чарчы метр музейдин сыртынан сыйрылганы аныкталганын билдирди.

Фракция башчысы Алмамбет Шыкмаматов иш козголгонуна эки ай болсо дагы негизги күнөөлүүлөр аныкталбай жатканын сынга алды.

Буга чейин музейди жаңылоодо анын жасалгалары ашкере кымбат баада көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында каралган. Ошондон улам бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок анын жыйынтыгы боюнча кимдер жоопко тартылып жатканы жарыялана элек.

Фракциянын бүгүнкү жыйынынын күн тартибине "Белизгейт" чыры, Евгений Гуревичтин айткандарына байланышкан маселе тууралуу тиешелүү органдардан маалымат алуу да киргизилген. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG