Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

АКШ президенти кыргыз акыны жазган ырды жактырды


Муратбек Рысбековдун "Асманга умтулуу" аттуу ыр жыйнагынын мукабасы.
Муратбек Рысбековдун "Асманга умтулуу" аттуу ыр жыйнагынын мукабасы.

Кыргызтандык акын Муратбек Рысбековдун китеби Сингапурдагы дүйнөлүк басмаканалардын биринен англис тилинде басылып жатат. Алгачкы нускасы автордун колуна тийди.

Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына акын өзү маалымдады.

Рысбековдун ырларын буга чейин акын, журналист Замир Өсөров орус, англис тилдерине которуп, социалдык тармактарга, сайттарга жарыялап келген.

"Твиттерден" АКШ президентти Дональд Трамп акындын чыгармаларынын бирине “мыкты ыр” деген баасын калтырган. Бул дүйнөлүк поэзия коомчулугунун Рысбековдун чыгармаларына болгон кызыгуусун жараткан.

Мындан улам чет элдик басмаканалар автордун ыр жыйнагын басып чыгарууга кызыкдар экендигин билдиришкен. Учурда автор менен котормочу келишим түзгөн Сингапурдагы "Partridge Singapore" басмаканасынан акындын "Асманга умтулуу" аттуу ыр жыйнагы басылууда.

Акындын билдирүүсүндө, басмакана автор менен атайын келишим түзүп, англис тилинде чыккан китеби 100 өлкөгө таратыла турганын, нускасы окурмандардын талабына ылайык көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Москвадагы “Радуга” басмаканасы да анын ырларын кийинки жылдын башында орус тилинде басып чыгаруу ниетин айткан.

Акын Муратбек Рысбеков ак ыр жазган акын катары билгилүү. Буга чейин анын кыргыз тилинде “Сүйүү өлкөсү”, “Сулуу таң”, “Ыр канатындагы симфония”, “Эскилерден жан дүйнөгө эстелик” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG