Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Украина Евробиримдиктен дагы миллиард евро алат


Украина президенти Петр Порошенко
Украина президенти Петр Порошенко

Евробиримдик Украинага 1 млрд евро насыя берет. Тиешелүү келишимге 14-сентябрда кол коюлду. Акчанын жарымы ушул күздө бөлүнөрү болжолдонууда. Дагы 500 миллиону Украина милдеттемелерин канчалык аткарылып жатканы баалангандан кийин, келерки жылдын жазында берилет.

Украина экономикасын кубаттап туруш үчүн 2014-жылдан бери Евробиримдиктен 3 млрд еврого жакын жардам алган.

Мурдагы бийлик күч менен кетирилген соң өлкөнүн чыгышында жикчилдер баш көтөрүп, борбордук өкмөт менен согушууда. Крым жарым аралын Орусия каратып алган. Украин экономикасы кризистен чыга албай келет.

"Эгер мурдагы карызыбызды төлөөгө туура келбесе сырттан каражат албайт элек", - деди украин президенти Петр Порошенко 14-сентябрда, Ялта-Европа стратегиясы форуму учурунда.

Порошенконун айтымында, өлкөнүн карызы 2014-жылга чейин 46 млрд долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG