Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Сегизбаев: Мен эч жакка качпайм (аудио)


Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев өзү тууралуу "өлкөдөн качып кетти" деген маалыматтарга комментарий берип, муну жокко чыгарды. Ал Кыргызстандын аймагында эле экенин, эч жакка кетпей, эгер анын тийиштиги бар тергөө иштери болсо көмөктөшөрүн билдирди.

- Мен Кыргызстандан эч жакка кеткен жокмун. Эч жакка кетпейм. Эч нерседен качпайм. Мен кача турган адам эмесмин. Мен элдин алдында тазамын. Эмнеге качышым керек? Азыр эс алып жатам. Эгерде мыйзамсыз иш кыла турган болсок, анда күнөөнү сезет элек. Биз ишибизди жакшынакай аткарып бердик. Колдон келишинче коррупция менен күрөшкөнгө аракет кылдык, - деди ал.

Сегизбаев “Азаттыкка” берген маегинде мындан сырткары дайыны жок делип жаткан Белизден келген документтер тууралуу түшүндүрмө берип, алар кезинде Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтты. Мурдараак УКМКнын өкүлү Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок деп билдирген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары кээ бир саясатчылардын өлкөдөн чыгып кеткенин, анын ичинде “Абдил Сегизбаев да чет жакка качканын жазып” чыгышкан.

Абдил Сегизбаев 2015-жылдан 2018-жылдын башына чейин УКМКны жетектеген. Быйыл 7-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Ордуна Идрис Кадыркулов дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG