Премьер-министр Имран Хан Пакистанда туулган оогандык жана бангладештик качкын балдарга жарандык берилерин билдирди. Качкын балдардын көбүнүн ата-энеси Пакистанда ондогон жылдардан бери жашап келатышат.
Имран Хан жүз миңдеген качкындын социалдык камсыздоосу жок экенин белгиледи. Премьер мындай балдардын документтери жок болгондуктан, окууга барбагандыктан, жакшы жумуш таба албай "кылмышкерлерге аралашып кетишерин" белгиледи. Улуттар уюму Имран хандын билдирүүсүн кубаттады.
Пакистанда 1,4 миллион оогандык качкын каттоодо турат. Кээ бирлери мекенинен 1979-жылы советтик аскерлер киргизилгенде кошуна өлкөгө качып чыгышкан. 250 миңдей бенгалдардын көбү 1971-жылкы жарандык согуш маалында Чыгыш Пакистан бөлүнүп, Бангладеш болуп жарыялангандан кийин жер которуп келишкен.