Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Пакистандагы жаңы өкмөттүн убадасы


Имран Хан ант берүү учурунда. 18-август, 2018-жыл.
Имран Хан ант берүү учурунда. 18-август, 2018-жыл.

20-августта Пакистандын жаңы өкмөтү ант берди. Андан бир күн мурдагы бир сааттан ашык созулган телекайрылуусунда жаңы шайланган премьер-министр Имран Хан өкмөт чыгымдарды азайтып, коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик каражатты үнөмдөй турганын жарыялаган.

65 жаштагы Имран Хан 18-августта премьер-министр болуп шайланган. Дүйшөмбү күнү ал түзгөн өкмөттөгү 15 федералдык министр жана өзүнүн беш кеңешчиси ант берди. Имран Хан 19-августтагы бир сааттан ашык созулган телекайрылуусунда экономиканы көтөрүүгө басым коюуга, өкмөттүн ашыкча чыгымдарын азайтарын айтып, коррупцияга каршы күрөшүүгө убада берди:

- Бизде насыя жана башка өлкөлөрдөн жардам алып жашаган жаман адат калыптанып калган. Адамдардан жардам сурап кайрылгандан уялбай да калганбыз. Мисалы, Эл аралык Валюта фондунун насыясын көргүлө. Билип коюңуздар, бир да өлкө мындай жол менен өнүгө албайт. Өлкө өзү ирдениши керек.

Жаңы өкмөт башчы чет өлкөдө жашаган пакистандыктарды акчасын Пакистан банкына сактоого, муну менен өлкөнүн азыркы финансылык каатчылыктан чыгышына жардам берүүгө да чакырды. Пакистандын азыркы тышкы карызы 95 миллиард долларды түзөт. Ошондой эле Имран Хан эл да салык төлөөгө милдеттүү экенин эскертти:

- Биз сиздерге канча акчаны сактап калганыбызды күн сайын айтып турабыз. Бирок биз акчаны үнөмдөп жатканда сиздер да салык төлөөгө милдеттүү болосуздар.

Имран Хандын сөзүнө караганда, ал "Пакистанды жакырларды колдоого алган мыкты өлкө катары көргүсү келет”. Ал премьер-министрге бөлүнгөн өкмөттүк автоунаалардын көбүн сатып, кызматчыларды азайтып, расмий резиденцияны университетке берерин да кошумчалады:

- Мен өз адамдарыма да, сиздерге да айтып коёюн: мен карапайым турмуш кечирем. Мен бул жансакчыларды коопсуздуктан улам алып жүрүүгө милдеттүүмүн. Бирок мен сиздердин ар бир тыйыныңыздарды үнөмдөйм.

Имран Хан коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоого аракет кыларын да кошумчалап, бирок кайсы өлкөлөр жөнүндө кеп кылып жатканын ачык айткан жок.

Пакистан аймактагы атомдук курал боюнча атаандашы Индия менен Кашмир аймагындагы талаштуу чек ара жана башка маселелер боюнча көптөн бери тирешип жүрөт.

Жаңы өкмөттүн тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши 20-августта өлкөнүн мындан аркы тышкы саясаты тууралуу азыноолак сөз кылып, Индия менен кызматташтыкка да токтолду:

- Мен өз кызматташыма, Индиянын тышкы иштер министрине айткым келет: биз жөн эле кошуна эмеспиз, биз атомдук куралы бар өлкөлөрдөнбүз. Биздин жалпы кызыкчылыктарыбыз бар. Ошол эле учурда биздин көптөн берки көйгөйлөрүбүз да бар. Алар тууралуу сиздер да билесиздер, мен да билем. Менимче, кырдаалдан чыгуунун диалогдон башка жолу жок.

Махмуд Курешинин билдиргенине караганда, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да Пакистандын өкмөт башчысы Имран Ханга кат жазып, диалогго чакырган.

Пакистандын дагы бир кошунасы Ооганстан менен да алакасы сыналып келе жатат. Кабул жана Вашингтон Исламабадды "Ооганстандын аймагында чабуулдарды уюштуруп келген экстремисттик топторго, анын ичинде талибдерге баш калка берип жатат" деп айтыптап келатат.

Пакистан бул дооматтарды четке кагып жүрөт. Жаңыдан ант берген тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши ооган бийлигине да кайрылды:

- Мен оогандарга айтарым: биз бири-бирибизге керекпиз. Биз бири-бирибизди колдошубуз керек. Бири-бирибизди түшүнгөндөн тышкары, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө биз маселелер боюнча орток чечим таба билишибиз зарыл.

25-июлдагы парламенттик шайлоодо мурдагы крикет оюнчусу Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, коалиция түзүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анын өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн талапкерлигин парламенттеги 272 депутаттын 176сы колдоду. Пакистандын Мусулман лигасы партиясын шайлоого баштап чыккан Шабхаз Шарифке 96 депутат добуш берген. Шабхаз мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин бир тууганы. Алар шайлоодо добуштар бурмаланганын билдирип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG