Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Пакистандагы шайлоо: оомат оппозицияга ооду


Пакистанда 25-июлда парламенттик шайлоо өттү.
Пакистанда 25-июлда парламенттик шайлоо өттү.

Пакистандагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, оппозиция чоң ажырым менен алдыда келе жатат. Буга чейин бийликте болуп келген партия жыйынтыкты тааныбасын билдирүүдө.

Пакистанда 25-июлда парламенттин төмөнкү палатасы - Улуттук Ассамблеяга жана бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Улуттук Ассамблея премьер-министрди тандашы керек.

- ​Биз бул жыйынтыкты четке кагабыз, таптакыр тааныбайбыз. Бул жыйынтыкты кабыл албайбыз. Укмуштай көз будамайлоо болду – деп туталанды "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын лидери​ Шахбаз Шариф шайлоонун эртеси.

Шайлоо жыйынтыгы Шариф күткөндөй болбоду
Шайлоо жыйынтыгы Шариф күткөндөй болбоду

Нааразылыкка техникалык мүчүлүштүктөрдү себеп деп, Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап, жыйынтыкты кечеңдетип жатканы да негиз берүүдө.

Шахбаз жарышка агасы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистан мусулман лигасы" партиясын жетектеп чыккан. Анткени Наваз Шариф өткөн жылы коррупцияга айыпталып өкмөт башынан кетирилип, аз мурда 10 жылга кесилген. Бул партия 2013-жылкы шайлоодо утуп, көпчүлүк коалицияда турган эле.

Крикеттен саясатка келген Имран Хан
Крикеттен саясатка келген Имран Хан

Агезде 35 гана мандат алган "Техриик-и Инсаф" ушул ирет лидер болуп чыга келди. Добуштардын жарымы эсептелген учурда бир кездеги даңазалуу крикет оюнчусу Имран Хандын партиясы 272 орундун кеминде 110дон ашыгын алууда.

Наваздын партиясы 60тын тегерегинде мандат алары күтүлүүдө.

Коалициялык көпчүлүк куроо үчүн 137 мандат керек.

Жыйынтык расмий чыга элегине карабай Хандын тарапташтары майрамдай башташты:

- Бүгүн биз Улуттук Ассамблеяда анык лидерликти камсыздадык жана Имран Хан чоң айырма менен утуп келе жатат. Бардык шайлоо тилкелеринен кубанычтуу жаңылыктарды угуп жатабыз. Бу жеңиш Имран Хандын 22 жыл бою эл арасында жүрүп күрөшкөнүнүн жемиши. Эл бүгүн ага жеңишти карматты. Кудай буюрса, ал премьер-министр болгондо элге берген убадаларын аткарат, – деди Хассеб Аббаси аттуу шайлоочу.

Карачилик башка бир шайлоочу Ирфан Хасан салкын кандуу ой жүгүртүүдө:

- Кандай гана өкмөт келбесин, биз үчүн оңдуу иштешсин. Бизге таза суу, газ жана электр керек. Андан башка маселелер толтура экени деле талашсыз. Алар ошолорду чечиши керек. Бизге жумуш орунун деле түзбөй эле коюшсун. Көп нерсе деле керек эмес, бирок алар билим берүү менен саламаттык сактоо тармагын жакшыртсын.

Ошентип буга чейин бир да өкмөттө болбогон Имран Хан аткаруу бийлигин жетектегени турат. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда дембе-дем мурдагы бийликтин каталарын баса көрсөтүп келди.

Атаандаштары Ханды өлкөдө таасири күч, бир топ өкмөттү төңкөргөн армия менен мамилелеш, бул демократияга көө жабат деп сындап келишти. Шайлоо күнү будамайлоого армия аралашты деп да жатышат. Хан да, армия да муну четке кагууда.

"Ким бийликке келбесин, жашообузду оңдосун" дешет көпчүлүк.
"Ким бийликке келбесин, жашообузду оңдосун" дешет көпчүлүк.

Калкынын саны боюнча дүйнөдө алтынчы орундагы, өзөктүк куралы бар делген Пакистандагы кезектеги шайлоону абдан маанилүү деп эсептеп жатышат. Анткени үгүт учурунда кайсы партия жеңери анык билинген жок. Аялдар шайлоого көп катышты.

Эң негизгиси, Пакистандын мамлекет катары жетимиш жылдык тарыхында парламент армия же саясий толкундоо аркылуу таратылбастан үчүнчү ирет гана өз ишин аягына чыгарууда. Ал эми бийлик бир жарандык өкмөттөн экинчи жарандык өкмөткө демократиялык жол менен алгач 2013-жылы берилген. Арты тынч бүтсө бул экинчиси болуп калат.

Добуш берүү күнү Кветта шаарындагы жардыруу 31 адамдын өмүрүн алды
Добуш берүү күнү Кветта шаарындагы жардыруу 31 адамдын өмүрүн алды

Ошол эле учурда бул бирден бир кандуу шайлоо болду. Үгүт жолугушуусу учурунда, добушкана жакта бир нече теракт учурунда 200дөн ашуун адам өлүп, жүздөгөнү жарадар болушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG