Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Иранда жол кырсыгында кеминде 21 киши каза тапты


Иранда 11-июлда жолдо болгон кандуу кырсык, 2018-жыл.
Иранда 11-июлда жолдо болгон кандуу кырсык, 2018-жыл.

Ирандын борбордук районунда эл түшкөн автобус менен май ташыган машине кагылышып, бери дегенде 21 киши өлүп, 20дан ашууну жарадар болду. Кырсык 17-сентябрда Кашан жана Нетенз шаараларынын ортосундагы жолдо, баш калаа Тегерандан 200 чакырым жерде болгон.

Өлкөнүн Транспорт полициясынын башчысы Мохаммад-Хоссейн Хамиди «май ташыган машине жолдон чыгып кетип, автобусту сүзгөн. Андан соң жарылуу болуп өрт чыккан» деп билдирди.

Мамлекеттик телеканал жалын менен алышып жаткан өрт өчүрүүчүлөр жана адамдарды сүйрөп чыгып жаткан куткаруучулар тартылган видео кадрларды көрсөттү.

Көпчүлүк ирандыктар ушул аптада шииттердин Ашура майрамын белгилөөгө ары-бери көп катташат.

Иран – дүйнөдөгү жол коопсуздугу начар өлкөлөрдүн бири. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, былтыр жол кырсыктарынан 16 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG