Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кытай менен Орусия АКШга эскертүү берди


Санкцияга себеп болгон Су-35 учагы
Санкцияга себеп болгон Су-35 учагы

Кытай Курал-жарак департаментине жана анын жетекчисине салынган санкцияларды кайра алууну Кошмо Штаттарынан талап кылды.

- Кошмо Штаттарынын бул негизсиз аракеттерине Кытай катуу тынчсыздануу билдирет. Бул кадам эки тараптын мамилесине жана аскердик байланыштарга олуттуу зыян. Тез арада катасын оңдоп, санкцияны жокко чыгарууну талап кылабыз. Болбосо АКШ тарап сөзсүз кесепетин тартат, - деди Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан.

Ага удаа эле Кошмо Штаттарынын орусиялыктардын кара тизмеге алышына байланыштуу Москва да билдирүү таратты.

- Алар глобалдык стабилдүүлүк деген түшүнүктү эстеп коюшса жаман болмок эмес. Орус-Америка мамилесин чыңалтуу менен аны ойлонбостон чайпап жатышат. От менен ойноо акылсыздык, ал коркунучтуу болушу ыктымал, - деди тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.

"Американын каршылаштарына санкция менен каршы туруу" деген мыйзамга ылайык, коргонуу тармагы менен атайын кызматка байланышы бар 27 орус жараны жана алты мекеме "кара тизмеге" алынганы бейшембиде расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG