Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:47

Каденова: Дары ичип алып кыйналып жатсам мас экен деп ойлошуптур


Зууракан Каденова

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова чуулуу факты боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал Түштүк Кореядан келатып мас абалында учакка олтурганын четке кагып, дары ичкенден улам көңүлү айнып кеткенин билдирди:

- Мен ичимдик ичкен адам эмесмин. Биз Түштүк Кореяга атайын окууга барганбыз. Акыркы жумаларда болгону жүрөгүм ооруп, диетада жүргөм. Жүрөгүм ооруганда “Корвалол” деген дары ичем. Ошол күнү алты сааттан ашык учат экенбиз деп, бортко отурганга чейин дарыны өлчөмүн көбүрөөк кылып ичип алгам. Андан кийин дагы эки таблетка ичип, артынан эки банка кола ичкем. Кардым ач болгону үчүн газ менен дары аралашып, козголуп кетти. Учакка отуруп, курду такканда дароо көңүлүм айныды. Алып келип беришкен пакетине кусуп жибердим. Калтырап, титиреп өңүм купкуу болуп кетти. Ошондуктан мен адамдарга мас болгондой көрүнүшүм мүмкүн. Учактын командири келип "сага бул абалыңда учканга болбойт, асманга көтөрүлгөндө дагы көңүлүң айныйт" деди. Алар мени "кал" дешти, мен кете берейин дедим. Визаңыз проблема болбойт дешкенинен түшүп калып, кайра учмак болдук. Жүктөрдү калтыруу үчүн багажды ачканда учактагы адамдарды да түшүрөт экен, ошого убакыт кетип калды. Кийин капитандан сурасам “эч ким рейстен кечиккен жок, залал келтирүү болгон жок” деди. Өзүм кечээ кайра башка рейс менен учуп келдим, - деди Каденова.

Каденова президент Сооронбай Жээнбековго тууганчылыгы тууралуу маалыматты жана депутат Асылбек Жээнбековдун жардамчысы болуп иштегени тууралуу сурообузду комментарийсиз калтырды. Ал иштен бошотулганы боюнча сотко кайрылбай турганын, башка алектенчү иши бар экенин кошумчалады.

22-сентябрда Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин "Азаттыкка" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастаган. Султан экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир далай убакытка кечиккенин билдирген.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошоткон.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер "президент Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматты жокко чыгарган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG