Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Таласта аялын өлтүрдү деген шектүү кармала элек


Талас шаарындагы окуя болгон көп кабаттуу №124 үй.
Талас шаарындагы окуя болгон көп кабаттуу №124 үй.

Таласта күйөөсүнүн колунан каза тапканы айтылып жаткан келиндин өлүмү боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Ал кошумчалагандай, кылмышка шектүү алигиче кармала элек.

23-сентябрь күнү кечинде Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаш келиндин бычакталган жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө күйөөсү шектелип жатканы буга чейин кабарланган. Жергиликтүү милиция бул маалыматты тастыктаган да четке каккан да жок. Себеби маркум күйөөсү менен таарынышып жүргөнү айтылууда.

Каза тапкан келин Талас шаарындагы көп кабаттуу №124 үйдүн үчүнчү кабатындагы апасынын үйүндө жакында эле жашай баштаганын кошуналары да ырастады. Келин буга чейин үй-бүлөсү менен Кара-Балта шаарында жашап жүргөнү маалым болду. Турак үйдүн жашоочуларынын айтымында, каргашалуу окуя болгон күнү маркум жашаган үйдө эч кандай ызы-чуу чыккан эмес.

Күбө Максат Оморбеков маркумдун денесине эки жолу, моюнга анан колтукка бычак сайылганын көргөнүн айтты. Натыйжада, келин окуя болгон жерде жан берген. Каргашанын чоо-жайы боюнча маркумдун жакындары комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми кылмышка шектүү 30дар чамасындагы Талас районунун тургуну экени айтылууда. Алардын ортосунда үч баласы калганы кабарланды. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG