Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

УКМК мыйзамсыз тыңшоолор катталганын ырастады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин атайын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Талантбек Кожонов соңку жылдары болгон тыңшоолор боюнча түшүндүрмө берди. Ал мыйзамсыз жашыруун угуулар болгонун моюнга алып, ал боюнча териштирүүлөр жүргөнүн айтты:

- Мыйзамсыз тыңшоолор боюнча бир катар фактылар катталган. Интернетте тыңшоочу аппарат сатуу боюнча жарнама берген бир адам кармалган, 26 техникалык каражат табылган. Бир адам соттолгон. Ош жана Баткен бажы башчыларынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппарат, тымызын тарта турган видеокамера боюнча кылмыш иштери козголгон. Бирок айыпка тарта турган адамдар аныкталбаганына байланыштуу иш токтотулган. Кафедеге Исаев, Иманалиев отурган столдон табылган диктафон боюнча экспертиза жүргөн. Үн жазуу болгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми укук коргоочулар отурган кафеден табылган диктафон боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Козголгон кылмыш иштери токтогон, калган фактылар боюнча козголгон эмес, - деди Кожонов.

Буга чейин баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган бир катар саясатчылардын жашыруун жаздырылган үндөрү жарыяланып келген. УКМК көп мезгилде ал үндөрдү жаздырууга катыштыгы бардыгын тактабай келет.

Мындан башка 2016-жылы укук коргоочу Азиза Абдирасулова укук коргоочулар менен кафеде олтурган жерде тыңшоо аппаратын таап, муну үчүн УКМКны айыптап чыккан. Бул ишке УКМК тиешеси жоктугун билдирген.

Кийин "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы, активист Адил Турдукулов саясатчылар жана журналисттер менен жолугушкан эки башка учурда эки диктофон таап алганын жарыялаган. Быйыл жыл башында Бишкектеги “Обама” кафесинде Патрулдук милициянын мурдагы башчысы Талантбек Исаев, депутат Каныбек Иманалиев, ишкер Мелис Карыбеков чогуу тамактанган жерге жашыруун коюлган диктофон табылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG