Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Пентагон Тегерандын айыптоосун "орунсуз" деп четке какты


Ирандыктар аскердик парадда курман болгондорду жерге берип жатышат. Ахваз шаары, 24-сентябрь, 2018-жыл.
Ирандыктар аскердик парадда курман болгондорду жерге берип жатышат. Ахваз шаары, 24-сентябрь, 2018-жыл.

АКШнын Коргоо министрлиги Жим Мэттис Ирандын түштүк батышындагы аскердик парадга кол салууну "АКШ уюштурду" деген Тегерандын айыптоосун “орунсуз” деп четке какты.

Мэттис Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 22-сентябрда Ирандын Ахваз шаарындагы аскердик парадга кол салууну айыптаганын белгиледи. Кандуу кол салууда кеминде 25 киши курман болду. Алардын арасында төрт жаштагы бала бар.

“Бизди кол салууга кандайдыр бир тиешеси бар деп ырастоо орунсуз”, - деди Пентагондун башчысы. “Алар [Иран бийлиги] буга чейин бери дегенде үч өлкөнү жана бир террордук кыймылды айыпташты. Бул тизме дагы канча уланарын көрөлү. Бирок алар бир нерсе айтуудан мурун эмне айтарын түшүнүп алышса”, - деди Мэттис.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Fox News телеканалы менен болгон маегинде Ирандагы адам өмүрүн кыйган “трагедиялуу” кол салууга АКШнын эч кандай тиешеси жоктугун баса белгиледи.

Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад маалындагы чабуул үчүн араб жикчилдерин жана аларды колдогон Перс булуңундагы бир өлкөнү күнөөлөдү. Иран лидери атын атабаган ал мамлекетти өз кезегинде "АКШ колдорун" кошумчалады.

XS
SM
MD
LG