Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:48

Ирактын Күрт автономиясында парламенттик шайлоо өттү


Ирактын Күрт автоном аймагы.
Ирактын Күрт автоном аймагы.

Ирактын Күрт автономиясында узак убакыттан бери жылдырылып келген парламенттик шайлоо өттү. Мунайга бай чөлкөмдүн парламентиндеги 111 орунга 700дөй талапкер ат салышты.

11 орун азчылыктар үчүн бекитилген. Беш орун түркмөн талапкерлерине, беш орун христиан динин тутунгандарга, бир орун армяндарга бөлүнгөн. Добуштардын көбүн "Күртстан демократиялык партиясы" жана "Күртстандын мекенчил биримдиги" алары күтүлүп жатат.

1991-жылы Перс булуңундагы куралдуу кагылышуудан кийин автономдуу облус макамына ээ болгон аймакта былтыр Ирактан толук көз карандысыз болууну көздөгөн референдум өткөн. Бирок расмий Багдад жана эл аралык коомчулук анын жыйынтыгын тааныган эмес.

Буга чейин акыркы ирет парламенттик шайлоо 2013-жылы өткөн. Бирок парламент ички чыңалууга байланыштуу жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна каршы жүрүп жаткан согуштан улам өз имшердүүлүгүн 2015-жылы токтотууга мажбур болгон.

Ушул тапта аймакта коррупция жана экономикалык каатчылыкка элдин нааразылыгы күч. Саясий кризистен улам 2017-жылдын ноябрь айына белгиленген шайлоо быйыл күз мезгилине жылдырылган.

XS
SM
MD
LG