Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Иранда 27 киши аракка ууланып өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын төрт провинциясында аракка ууланып кеминде 27 киши каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалымат катчысы Мойтаба Халеди 30-сентябрда билдирди. Ал жалпысынан соңку күндөрү спирт ичимдиктерине ууланып, өлкө боюнча 302 адам ооруканага түшкөнүн "ИСНА" маалымат агенттигине айтты.

Адам өлүмдөрү Түндүк Хорасан, Хормозган, Альборз жана башка провинцияларында катталган.

Маалыматтарга ылайык 176 адам ооруканада жатат.

"ИСНА" маалымат агенттиги каза тапкандардын көбү Хормозган провинциясынан экенин жазды. Ал жактагы Бандар Аббас порттук шаарында 16 киши каза болгону айтылууда. Калаадагы оорукананын өкүлү Фатеме Норузян дагы сегиз кишинин абалы оор экенин билдирди. Бандар Аббастагы полиция бөлүмүнүн башчысы Исмаил Машаехтин айтымында аракты колго жасаган түгөйлөр жана аны алып саткандар кармалды.

1979-жылкы революциядан кийин Иранда спирт ичимдиктерине тыюу салынган, эреже бузгандарга айып каралган. Бирок ирандыктардын көбү үйдө жасалган ичимдиктерди ичишет.

2014-жылы Иранда ичкиликке берилгендерди дарылоо боюнча атайын борборлор ачылган. Ушул эле сентябрь айынын башында Караж шаарында 40 киши аракка ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын төртөө көз жумушкан.

XS
SM
MD
LG