Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Орусияда пенсия реформасына каршы митингдер өттү


Орусиядагы оппозициячыл активист Сергей Удальцов пенсия реформасына каршылыгын билдирип жатат. Москва, 26-сентябрь.
Орусиядагы оппозициячыл активист Сергей Удальцов пенсия реформасына каршылыгын билдирип жатат. Москва, 26-сентябрь.

Орусиянын бир нече шаарларында 30-сентябрда пенсия курагынын көтөрүлүшүнө каршы митингдер өттү. Бийлик менен макулдашылган акциялар Ростов, Оренбург, Омск, Удмуртия аймактарында өттү. Ростов-на-Дону шаарында демонстранттар бийликти "пенсияны гана эмес, ошону менен бирге эркиндикти, ар-намысты, келечекти кошо уурдап алганы үчүн" айыпташты. Айрымдары президент Владимир Путиндин сүрөттөрүн көтөрүп алышып, "Пенсионер Орусияны жок кылды" деген ураандарды чакырып жатышты. "Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысынын айтымында, митингге 100дөй киши чыкты.

Оренбургда жергиликтүүлөр пенсия реформасын гана эмес, ошондой эле шаарлардын жана райондордун башчыларын түз шайлоо боюнча референдумга да каршылыгын билдиришти. Референдумдун өтүшүнө калаа мэри Евгений Арапов менен анын орун басарынын пара алууга шектелип кармалышы себеп болду. Омск шаарында КПРФ жана "Яблоко" партиялары уюштурган акциянын катышуучулары бийликти пенсия реформасынан баш тартууга чакырышты.

27-сентябрда өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын 333 депутаты колдоп, 67си каршы чыкты. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясына ылайык, Орусияда аялдардын пенсия курагы азыркы 55тен 60ка көтөрүлөт.

Мамлекеттик Дума өкмөттүн демилгесине ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан июль айында жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган.

Орусияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялар быйыл жайдын башынан бери өтүп келатат.

XS
SM
MD
LG