Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Барселона: акцияга чыккандар менен полиция кагылышты


Каталонияда эгемендикти жактагандардын митинги. 27-октябрь, 2017-жыл.
Каталонияда эгемендикти жактагандардын митинги. 27-октябрь, 2017-жыл.

Барселонада Каталониянын эгемендиги боюнча референдумдун бир жылдыгын утурлап уюштурулган митингдин катышуучулары менен полиция кагылыша кетти.

Тартип коргоочулар каталон парламенти менен полиция имараттарын курчоого алууга аракеттенген демонстранттарды күч менен таркатты. Митингге катышкан 200дөй киши «Унутпайбыз! Кечирбейбиз!» деп кыйкырып жатышты.

Былтыркы референдумга автономдуу аймактын Испаниядан бөлүнүү маселеси коюлган. Мадрид добуш берүүнү "мыйзамсыз" деп баалап, түз башкаруу киргизген. Жикчилердин лидерлери камалган, кээ бирлери бозгунда жүрүшөт.

Быйыл 24-мартта Каталониянын мурдагы президенти Карлес Пучдемонду Германия менен Даниянын чек арасында немис полициясы кармаган.

XS
SM
MD
LG