Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Каталония парламенти жаңы спикерин шайлады


Каталониядагы шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жаткан калк.
Каталониядагы шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жаткан калк.

Испаниянын Каталония автоном облусунун жаңы шайланган парламент мүчөлөрү алгачкы жыйынга чогулушту. 17-январда өткөн жыйында алар Солчул республикачылардын өкүлү Рожже Тoрренди спикерликке шайлашты. 2017-жылдын соңунда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо чөлкөмдүн Испаниядан бөлүүнү жактаган партиялары көпчүлүк добушка ээ болушкан.

Жаңы парламенттин спикерлигине "Каталониянын солчул республикачылары" партиясынын өкүлү Рожже Торен менен «Жарандар» партиясынын мүчөсү Хосе Мария Эспехо-Сааведранын талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Торрендин алдыга чыкканын алгачкы жыйынга төрагалык кылган депутаттардын эң улуусу Эрнест Марагай жарыялады:

- Рожже Торрен мырза 65, ал эми Хосе Мария Эспехо мырза 56 добуш алды. Ошентип Рожже Торрент мырза Каталония парламентинин спикерлигине дайындалат.

Каталония парламентинин жаңы дайындалган спикери Рожже Торрен.
Каталония парламентинин жаңы дайындалган спикери Рожже Торрен.

​Эми он жумушчу күндүн ичинде саясий күчтөр президенттикке талапкерди көрсөтүшү керек. Андан соң Каталониянын башчылыгына көрсөтүлгөн талапкер парламентке өз программасын сунуштап, көпчүлүк добушка ээ болушу зарыл.

Азырынча бул талапкер ким болоору белгисиз. Испаниянын бүтүндүгүн жактаган «Жарандар» парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болушканы менен, Каталониянын өз алдынча болуусун туура көргөн үч партиянын депутаттары көптүк кылат. Алар автономиянын башына мурдагы президент, учурда Брюсселде жүргөн Карлес Пучдемондун келишин жактоодо.

Карлес Пучдемон.
Карлес Пучдемон.

Испаниянын Улуттук жогорку соту күздөгү талаштуу референдумдан кийин Бельгияга чыгып кеткен Пучдемонду жана анын өкмөтүнүн төрт мүчөсүн камакка алуу боюнча эл аралык ордерди декабрда артка чакыртканы менен, Испаниянын өзүндө алынган эмес. Андыктан эгер Пучдемон Брюсселден кайтып келсе камалышы толук мүмкүн. Анткен менен мурдагы лидердин тарапташтары ага алыста туруп эле атайын дайындалган өкүлү аркылуу башкаруу укугун берүү керек деген пикирди карманышууда.

"Каталония үчүн бирдикте" партиясынын депутаты Эльса Артади буга эч нерсе тоскоол боло албайт деген ишеничте:

- Белгилүү болгондой, биздин талапкер Карлес Пучдемон жана анын Каталония бийлигине кайра шайланышына эч нерсе тоскоол болбойт деп ойлойм. Биз депутаттар ага ишенич артат деген ниеттебиз.

Мындай демилгеге расмий Мадрид караманча каршы. Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой аймактын башчысы мыйзамга ылайык шайланбаса, Каталонияга киргизилген түз башкаруу алынбастыгын билдирди:

- Бул ишке ашырууга мүмкүн эмес сценарий. Аймактык бийликтин президенттигине шайланган адам өзү келип ант бериши керек. Анткени Брюсселден туруп ант берүүгө болбойт. Андыктан жаңы президент мыйзамга ылайык шайланмайынча, 155-беренеге ылайык, Каталонияга киргизилген түз башкаруу алынбайт.

Испаниянын премьер-министр Мариано Рахой.
Испаниянын премьер-министр Мариано Рахой.

Каталониядагы саясий кризис автономдук аймакта былтыр 1-октябрда эгемендик боюнча талаштуу референдумдан кийин башталган. Конституциялык соттун тыюусуна карабай уюштурулган өнөктүккө аймактагы шайлоочулардын жарымы катышкан. Алардын көпчүлүгү Мадридден бөлүнүүнү жана өз алдынча жумурият түзүүнү колдогон. Бирок борбордук бийлик жана эл аралык коомчулук аны тааныган эмес. Испаниянын өкмөтү жооп иретинде Башмыйзамдагы тиешелүү беренеге таянуу менен түз башкаруу киргизип, Карлес Пучдемон башында турган аймактык өкмөттү иштен алып, аймактын парламентин таркаткан. Каталон өкмөтүнүн мурдагы министрлери, аймактык парламенттин төрайымы кутум уюштуруу, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча айыпталып, камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG