Пакистандын бийлиги Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) жардам сурап кайрылгандан кийин өлкөнүн улуттук валютасы рупий америкалык долларга карата наркын дагы жети пайызга жоготту. 9-октябрда бир доллардын наркы 138 рупийге бааланды. Ушул эле күнү өлкөнүн Борбордук банкы билдирүү таратып, рупийдин куну кетишине мунайдын кымбатташы түрткү болгонун билдирди.
Пакистандын делегациясы ЭВФтин өкүлдөрү менен ушул аптада Индонезияда жолугары кабарланды.
Исламбад ошондой эле Кытайдан ири өлчөмдө насыя алууну караштырып жатат. Буга чейин Кытай Пакистандын энергетика жана транспорт тармагына ири өлчөмдө насыя бөлгөн. Пакистандын Борбордук банкы кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, элди тынчтандырууда.