Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Окуучуга үстөмдүк болгон №47 мектептин директору кызматтан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы мектептеги чырга байланыштуу директордон тышкары өспүрүмдөр менен иштеген инспектор да иштен кеткенин, вице-мэрге, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине катуу сөгүш бериле турганын билдирди.

12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн.

Териштирүүдө ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткенин, ошондон уруш чыгып, сабалганын айтып берген.

Окуя тууралуу маалымат тараганда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кол көтөргөн окуучу милиционердин баласы экенин жазып, кызуу талкууга алынган.

Ички иштер министрлиги сабалган окуучу да, ага кол көтөргөн бала да мурда милицияда иштеген адамдардын балдары экенин 15-октябрда ырастады.

Ленин райондук милициясы бул окуяга байланыштуу “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бирок жабыркаган бала опузалоо болбогонун айтууда. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG