Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыйноодон өлгөн жарандын жакындарына мамлекет компенсация төлөп бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту "милиция кызматкерлери сабап өлтүрдү" деген Турдубек Акматовдун жакындарына мамлекеттин эсебинен 200 миң сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды.

Кыргызстандагы "Кыйноого каршы күрөш коалициясы" өкмөттүк эмес уюму билдиргендей, Турдубек Акматов уурулукка шектүү катары 2005-жылдын 3-майында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылдык милиция бөлүмүнө чакырылган. Алты милиция кызматкери аны он саат суракка алып, кылмышты моюнга албай койгону үчүн сабаган. Акматов ошол күнү кечинде үйүнө барып, атасына алты милиционер сабаганын айтып берген. Ал оозу-мурдунан кан кетип, каза болгон.

Акматовдун атасы уулунун өлүмүнөн кийин прокуратурага кайрылган. Сөөктү иликтөөдө ал башына, көкүрөгүнө жана ички органдарына сокку жегени аныкталган. Өзгөн райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.

"Кыйноого каршы күрөш коалициясынын" маалыматына караганда, маркумдун кыйноодон өлгөнү тууралуу бардык далилдер болгонуна карабай, анын өлүмүн иликтөө 2005-жылдан 2011-жылга чейин создугуп, алты жолу токтотулган. Күнөөлүүлөр кылмыш жообуна тартылган эмес.

Натыйжада, жабыркаган тарап БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданган. Комитет Турдубектин кыйноодон өлгөнүн билдирип, "анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек" деген чечим чыгарган. Маркумдун атасы компенсация өндүрүү талабы менен арыз жазган. Анын арызын Биринчи май райондук соту карады.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазып кайрылган. Изилдөө көрсөткөндөй, кыйноого туш болгондордун болгону 60 пайызы арыз менен кайрылат.

XS
SM
MD
LG