Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыйноодон мамлекет да чыгым тартат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кыйноонун экономикалык кесепеттери изилденди. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор бул изилдөө аркылуу кыйноого дуушар болгон жаран жана мамлекет учураган чыгымдарды эсептеп чыгып, сунуштарды берди.

Бишкекте "Кыргыз Республикасындагы кыйноонун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери" деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланды. Анда жеңил, орточо жана татаал шартта кыйноого туш болгон жарандын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасынын орун басары Динара Саякова "изилдөө аркылуу кыйноонун кесепеттерин талдагандан көрө, анын алдын алуу алда канча аз каражатты талап кыларын көрсөткүбүз келди" дейт:

- Биз бул изилдөө менен кыйноого коомчулуктун жана тийиштүү чечим чыгаруучу мамлекеттик органдардын көңүлүн бургубуз келди. Биз кыйноонун курмандыгы болгон жарандын бардык арман-азабын экономикалык терминдер менен түшүндүрүп берүүгө аракет кылдык. Ал жакта анын психологиялык да, дене-бою жагынан да азап чегиши сом менен өлчөнгөн.

Мисалы, жабык жайда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адамды калыбына келтириш үчүн бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Анын 2,5 миллион сому жоготулган киреше катары көрсөтүлгөн. Моралдык зыян 1 миллион 287 миң сомго бааланса, укуктук кызматтарга 127 миң сомдой, ал эми медициналык кызматтарга 96 миң сом коротулат.

Ушул эле кыйноонун курмандыгы болуп, оор жаракат алган адамга мамлекет 2,5 миллион сомдон ашык каражат сарптайт экен. Анын 1 миллиондон ашыгы жаранды түрмөдө кармоого коротулат. Калган чыгымдар компенсацияга, майып болуп калгандарга жөлөкпул төлөөгө кетет. Изилдөө авторлорунун айтымында, жыл сайын кыйноого дуушар болгондорго миллиондук кенемте төлөнөт.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун мүчөсү Рысбек Адамалиев мамлекет кыйноону жойбосо, эки жолу чыгымга учурап калып жатканын билдирди:

- Кыйноонун чыгымдары мамлекетке түздөн-түз таасирин тийгизип атат. Биринчиден, иш жөндөмдүүлүгү жоголгон салык төлөөчүдөн ажырап жатат. Экинчиден, мамлекет кимдир-бирөөнү кыйнаган мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу, аларды соттоо жагынан эбегейсиз чыгым тартып жатканын бул изилдөөдөн көрүп турабыз.

Изилдөө кыйноонун курмандыгы болгон 80 киши менен маектерди, медициналык компонентти камтыган 21 кейсти жана бир катар эксперттер менен интервьюларды камтыган. Изилдөө жарым жыл аралыгында жүргүзүлгөн.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, кылмыштын бетин ачууда кыйноо ыкмасы өзүнчө бир тактикага айланып, көнүмүш нерсеге айланган. Ал изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын бардык тиешелүү органдары таанышып, кылмыштын бетин ачуунун башка ыкмаларын жайылтыш керек деген оюн "Азаттыкка" билдирди:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Бул иликтөөнүн жыйынтыгын Жогорку Кеңештеги депутаттарга, Коопсуздук кеңешине, сотторго, прокуратурага, Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө жибериш керек. Биз акырындан кыйноодон арылышыбыз керек.

Укук коргоочу учурда көк ала кылып ур-токмокко алган кыйноо азайганы менен кыйноонун башка түрлөрү күч алып жатканын айтып нааразы болду:

- Азыр көк ала кылып сабаган фактылар боюнча кыйноонун саны азайды. Бирок башка ыкмалар колдонулуп жатат. Пакет кийгизүү, денесине так калтырбай, бирок адамды өтө кыйнаган ыкмалар колдонулуп жатат. Муздак сууну алдына коюп койгон, жерге жаткырып алып бетине чүпүрөк жаап коюп суу куйган, тырмагынын астына ийне сайган, электрошокер менен ток урдурган учурлап көп.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазып кайрылган. Изилдөө көрсөткөндөй, кыйноого туш болгондордун болгону 60 пайызы арыз менен кайрылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG