Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ИИМ "Акыркы коңгуроодо" коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги 25-май күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү жалпы өлкөдө 4000ден ашуун милиция кызматкери коопсуздукка жана коомдук тартипке көзөмөл кылат.

"Акыркы коңгуроо" салтанаты өтүп жаткан кезде мектептерде милиция кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматтары иштейт.

ИИМ ата-энелерди мектепти бүтүрүп жаткан балдарына автоунаа айдоого, ичимдик ичүүгө уруксат бербөөгө чакырууда. Ошондой эле балдардын көлмөлөргө түшүүсүнө да жол берилбесин эскертти.

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салттуу "Акыркы коңгуроо" майрамы 25-майда өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги бул күндү майрамдоого акча чогултууга тыюу салып, жоопкерчилик, коопсуздук чараларын көрүүнү мектеп директорлоруна буйруган. Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG