Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Эрдоган менен Додон стратегиялык кызматташтык тууралуу макулдашты


Режеп Тайып Эрдоган менен Игорь Додон. 17-октябрь, 2018-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган менен Игорь Додон. 17-октябрь, 2018-жыл.

Эки күндүк иш сапары менен Молдовада жүргөн түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шаршембиде Молдованын мамлекет башчысы Игорь Додон менен жолугушту. Лидерлер стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Эрдоган менен Додон ошондой эле Кишиневдогу президенттик сарайдын ачылышына катышты. 2009-жылы нааразылык демонстрацияларында жабыркаган бул имарат Анкаранын каражатына реконструкцияланган. Кездешүүдөн кийинки басма сөз жыйынында Додон Түркияны “абдан маанилүү өнөктөш” жана “улуттук кызыкчылыктарды коргоодо үлгү” деп атады.

18-октябрда Эрдоган Гагауз автономдуу облусуна барды. Аймакты түрк гагауздар байырлашат.

Өткөн айда Кишиневдо түркиялык 7 мугалим кармалып, өлкөсүнө жөнөтүлгөн. Түркиянын атайын органдары менен жүргүзүлгөн бул операцияны укук коргоочу уюмдар катуу сындашкан. Шаршембиде Түркиянын Кишиневдогу элчилигинин алдына чогулган ондогон адамдар Эрдогандын иш сапарына нааразылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG