Кыргызстанда 13-15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасында чылымдын ордуна насыбай чеккендер үч пайызга көбөйдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарова “Азаттык” радиосуна тамекинин баасы өскөндөн кийин арзан насыбайга өткөн балдар көбөйгөнүн билдирди. Буга кошумча аялдар арасында да насыбай чеккендер арбып жатканын айткан Бекбасарова бул затты мыйзам чегинде көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.
Насыбай - Орто Азия мамлекеттеринде кеңири жайылган жеңил баңгизат. Кыргызстанда ал көбүнесе Баткен облусунда өндүрүлөт.
Расмий маалыматтар боюнча, Баткенде жалпысынан 700 гектардай жерге насыбай үчүн тамеки айдалат. Андан жасалган насыбайдын көпчүлүгү Орусияга, Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолот. (BCh)