Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Бакыт Шаршембиев депутат Момбековду сотко берди


Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековду сотко берди.

Мындай маалыматты Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" өзү ырастап, Момбековдун айткандары боюнча 23-октябрда Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна арыз жазганын билдирди.

Арыз Рыскелди Момбековдун жакында айткан билдирүүсү менен байланыштуу.

- Эки талап коюп атам. Маалымат каражаттары аркылуу ачык кечирим сурасын. Моралдык зыянды кайтарсын. Моралдык зыяндын эсебин сот чечет. Балким 50 миң сом болобу же башка сумма коюлабы, чечимди сот кабыл алат. Мага ал маанилүү эмес, акчанын кереги жок. Сот өндүрүп берген күндө деле аны кайрымдуулукка жумшайм. Мен анын пленардык жыйында жана маалымат каражаттарында коомчулукка туура эмес маалымат жеткирип, "кара пиар" кылганы үчүн кадыр-баркымды коргоп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылдым, - деди Шаршембиев.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу ишкананы башкарган Бакыт Шаршембиев бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыккан.

22-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мекеменин иш өндүрүшүндө турган бир катар кылмыш иштери боюнча "Бакыт Шаршембиев фигурант эмес, күбө катары өтүп жатат" деген маалымат тараткан.

Рыскелди Момбеков Шаршембиевдин сотко кайрылганы тууралуу комментарий бере элек.

Кыргыз өкмөтү жолдогу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүгө убада берип келатканына 5-6 жыл болуп калды. Аны ишке ашыра турган инвесторду тандаган сынак 6-7 жолу өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учурады. (NT)

XS
SM
MD
LG