Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

КСДП Илмияновго байланыштуу сөздөрдү "ушак" деп сыпаттады


Икрамжан Илмиянов камалганга чейин тартылган сүрөттөрдүн бири.
Икрамжан Илмиянов камалганга чейин тартылган сүрөттөрдүн бири.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экс-президенттин жакын кишилеринин бири Икрамжан Илмиянов "тергөө менен кызматташып жатканы" тууралуу тараган сөздөрдү ушак жана атайын даярдалган чагым катары сыпаттады. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мурдараак ушул өңдүү пикирди Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев да айткан.

Мурдагы президент, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон.

УКМК да, Илмияновдун адвокаты да козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Тактала элек кабарларга ылайык, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар пара алганы тууралуу арыз түшкөн. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG